«Биз бири-бирибизден алыстай албайт экенбиз. Муну экөөбүз тең эң жакшы билебиз. Бирок, турмуш агымы, тагдырдын башка салганы, канчалык каалап, көөдөнүң көксөп, кое бербей турсан да жакын адамыңды сенден алып кете берет экен.

Экөөбүз чогуу туура 23 жыл чогуу түтүн булатып, бир жаздыкта таң атырдык. Жашоода баары эле кинодогудай же чыгармалардагыдай идеалдуу болбогону менен биз алыстаган сайын жакындашууга аракет жасадык.

Жаңы турмуш куруп, жаштыктын жалындуу мүнөттөрүн көрүп, эки баланын ата-энеси аталдык. Бишкекте батирлеп жүрүп биз жашабаган район калбаса керек. Көктүгүңө салып, өзүм колум менен үй курам деп жүрүп ал максатыбыз да ишке ашты.

Бирок, ошол максат ишке ашканча экөөбүз даалай кырылып, таарынышып, араздашып, мен кетип,сен келбей жүргөн күндөр да өттү.

Ошол кезде сен эки-үч күндөп досторуң менен көңүл ачып, мен сага  өтө катуу таарынган киши болуп сүр көрсөтөм. Болбой эле эки ооз  сөз айтып, күлүп жибермейинче кытыгылап, алдап,мактап, эркелетип отуруп таарынчты жазаар элең. Кээде кылган кылыктарыңа ачуум келип, балдарды алып  төркүнүмө кетээр элем. «Болду, жашабайм, келбейм» деген менен оюмдун баары сенде болуп, санаам тынбай, түнү түшүмө кирип чыгасың. Сен деле мага таарынган киши болуп, болбой эле, кечиришип  кайра элдешет элек.

Үйдүн фундаменти куюлуп, сен Екатеринбурга иштеп келүүгө кеттиң. Ошондо сени катуу сагындым. Канча ирет чогуу кетсем болмок деп өкүнүп да жүрдүм. Сен деле мен сыяктуу кыйналдың, мен аны сезээр элем. Арадан 9 ай өткөндө, «мен барам, уулум аэропорттон тосуп алсын» дегениңди укканда, жаш баладай ээлигип, самолет коноор саатты санап, сени тоскону уулум менен чогуу бардым.

Сенин карааның көрүнгөндө, уятымдан, намысымдан араң өзүмдү кармадым. Кыялымда чуркап барып, адатымча моюнуңдан жыттап, сагындым деп кучагыңа бой таштадым.

Жаш өтүп балдар чоңойгондо  көздөр гана сүйлөшүп, жүрөктөр сезишип калат тура. Унаанын артына отуруп, тууган-урук, айыл-апаны сурашкан менен көздөр менен жүрөктөр өзүнчө сурашып жатты.

Сүйүү картайбайт экен.  Түн кирип, экөөбүз жалгыз калганда, «эмнеге бат келдиң, эки жыл жүрөм дебедиң беле»  деп сурадым. Тээ жаш кездегидей, белимден бек кучактап «сени сагындым да» дедиң. «Жигитке сүйүү эки ирет келет, бирөөсү 20да, экинчиси 40 тан ашканда» деп, баягыдай жаңы үйлөнгөндөй экөөбүз кайрадан сезимдерге азгырылып бараттык.

Үй бүтүп, кызды узаттык. Жашоо өз нугунда уланып, экөөбүз ээрчишип, небере жетелеп, жытына тойбой «ата» деген сөзүнө ич жылып калат. Кээде келинден талашып түнкүсүн өзүбүз ортобузга алып жатабыз.

Ошондой окшош күндөрдө  башым  деп турдуң эрте менен.  Доктурга жеткенче башыңды кармаган бойдон бизди таштап кете бердиң.

Азыр сен жок, аалам көрксүз, жашоо кунарсыз. Сага кетип калсам дейм, бирок мен да сага барсам балдар эмне болот деп балдарды кыйбайм. Кээде неберем «ата кана» деп сурайт. Асманда жарык жанган жылдызды көрсөтөм «ошол ата, ал бизди бийиктен карап турат» дейм да, көзүмдөн куюлган жаш чайып, дайыма жаздыгымдын астында жашынып,  сагынганда сен жыттанган көйнөгүңдү бетиме жаап алам…»

Ушул жерге жеткенде кайынэнем чакырып, колумдагы күндөлүктү дароо ордуна койдум да эшикке атып чыктым. Балам кумга ойноп үстү-башын чаң кылып келиптир.

—Бизге жылуу суу бер, ойноп келдик,-деп ажары мурдагыдай ачылбай, муңайым тарткан кайынэнем туруптур.

Азыр анын эрмеги менин экинчи балам. Бала менен алаксыйт.

Апамдын күндөлүгүн окугандан тартып, алардын ыйык мамилесине, адалдыгына баа берип, апамды аяп кетем. Канчалаган кыйынчылыкты чогуу көтөрүп, жан билбеген сырын жары билип, түгөйүнөн  ажыроодон өткөн азап жок чыгар…..