Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Анкара шаарына жасаган расмий иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралу Президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Жолугушуу тет-а-тет форматында өттү.

Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуусунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

 

Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) алкагындагы алакалардын артыкчылыктуу багыттары жана стратегиялык өнөктөштүктө буга чейин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу сөз кылышты.

Тет-а-тет форматындагы жолугушуудан кийин Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдоган Кыргызстан менен Түркия ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын алкагында сүйлөшүүлөрдү улантышат.