Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 9-июнда Анкара шаарында өткөн Чыңгыз Айтматов атындагы IV эл аралык Ысык-Көл форумунун жабылыш аземине катышты.

Мамлекет башчылары иш-чарага келгенден кийин Кыргызстан менен Түркиянын гимндери жаңырды. Андан соң форумдун катышуучуларына Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы жана анын дүйнөлүк маданият менен адабиятты өнүктүрүүдөгү чоң ролу жөнүндө видеоролик көрсөтүлдү.

Алгачкы сөз Президент Садыр Жапаровго берилип, ал түрк элине жана Режеп Тайып Эрдоганга залкар жазуучунун планетардык масштабдагы мурасын даңктоо уланып жаткандыгын тастыктаган Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумун уюштургандыгы үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

«Чыңгыз Айтматовдун адабий аренада жарк этип жаралуусу беш континенттин миллиондогон окурмандарын таң калтырды. Кыргыз элинен бүткүл түрк тилдүү дүйнөнүн кадыр-баркын көтөргөн таланттуу жазуучунун чыкканы күтүүсүз болду. Ал XX кылымда Орто Азия республикаларынын тарыхында болуп көрбөгөндөй секирик жасады», — деп айтты Мамлекет башчысы.

Ал 1986-жылы биринчи жолу Чыңгыз Айтматов адамзаттын келечектеги глобалдык көйгөйлөрүн талкуулоо жана алар боюнча пикир алмашуу максатында дүйнөлүк интеллектуалдардын расмий эмес жолугушуусун Ысык-Көл жээгине уюштурган форумдун тарыхына кыскача токтолду.

Президент Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, адабий мурасы, айткан акыл сөзү, даанышман ойлору терең изилдөөнү талап кылган эбегейсиз руханий байлык экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына расмий киришкенден кийин биринчи Жарлыгына — «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыкка кол койгондугуна токтолду.

Ал Жарлыктын негизги максаттары: жогорку моралдык ченемдер, улуттук каада-салттар, үй-бүлөлүк жана коомдук салттуу баалуулуктар менен катар, бардык элдердин маданияттарынын кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктар аркылуу жарандарды тарбиялоо тууралуу айтып берди.

«Демек, Айтматов жар салгандай, адамзаттык баалуулуктар кайсы бир этникалык жана улуттук кызыкчылыктардан жогору турат, ал эми акыл-эстүү адамдын жаратмандык күчү тынчтыкка жол ачат.

Ошол эле учурда адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндө улуттук маданияттын ролу үстөмдүк кылат. Бир эле тил, бир эле маданият жок болсо, дүйнөнүн боёгу өчө түшөт, бир жери кемий түшөт. Көп түрдүүлүктү сактоо көп кырдуу жана бирдиктүү аракеттерди талап кылат», — деди Мамлекет башчысы.

Мындан улам, Садыр Жапаров Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнө элинин улуттук оюндарын, каада-салтын сыймык менен ааламга таркатуучу аянтчага айлангандыгын белгиледи. Анын айтымында, бул оюндардын өткөрүлүшү — көчмөндөр цивилизациясынын маданий мурасынын маанилүү бөлүгүн сактап калууга жасалган аракет. Ал кийинки жылы Түркия жергесинде өткөрүлүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ийгилик каалады.

«Айтматовдун дагы бир сабагы — Ак илбирс Жаабарс, бөрү эне Акбаранын образдары, Арал деңизи, мөңгүлөр аркылуу туюнтулган экологиялык проблема. Табияттын чынжырына кыпындай доо кетсе, калыбына келтирүү кыйын. Айтматовдун чыгармаларында булар туурасында принципиалдуу жаңы ой жүгүртүүлөрдүн башталышына негиздер салынган.

Демек, биздин Айтматов — планетардык аң-сезимге салым кошкон адам. Түрк элдеринин улуу жазуучусунун улуу ойлору түбөлүк даңазаланууга татыктуу», — деп билдирди Президент Садыр Жапаров бардыгын Айтматовдун идеяларын бүткүл адамзатка жайылтууга чакырып.

Баяндамалардан соң форумду уюштуруучулар эки өлкөнүн президенттерине Форумдун жыйынтыктоочу документин салтанаттуу турдө тапшырышты.