Балыкчы шаарындагы «Алия» пансионатында  Казакстандын 53 жаштагы жараны сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге үч куткаруучу чакырылган. Маркумдун сөөгү суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.