Бүгүн 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурул Аманова, Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Ахунжановичке кайрылып, Кадамжай районундагы суу таңкыстыгы тууралуу айтты.

Элөкүлүнүн айтымында, учурда аталган районго суу 2-3 саат гана берилет.

«Кадамжай районунда саркынды суу түтүчөлөрү эскирип, ишттен чыккан. Азыр күн сайын 2 же 3 сааттан гана суу берилет. Сууга бай өлкөдө ушул көрүнүш  өтө уят.

Репбуликада 20 шаар таза суу программасына кирген. Алардын бири Кадамжай.Ушул тапта жумуш башталуу алдында турат.

Бирок, Европа өнүктүрүү банкы менен келишим түзо албай жатышат. Алар 60% кредит, 40% грант түрүндө деген талап коюшууда экен. Аталаган район үчүн бул келишим өтө оор келет.Өзүңөр келишим түзүп алгыла дебей, банктын жетекчилерин чакырып, сүйлөшүүнү өзүңөр жүргүзүп берсеңиздер. Тескерисинче, 40% кредит, 60% грант болгондой шартта»,-деген  оюн билдирди.