Кечээ, 9-июнда Кыргызстандын Президентинин Түркияга алгачкы расмий иш сапары башталды. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибине көптөгөн маселелерди талкуулоо кирет. Бишкекте эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти, Кыргыз Республикасынын жараны, теги түрк Орхан Инандын дайынсыз жоголгонуна байланыштуу, катчысы президенттин катчысы жооп берди.

Эрбол Султанбаевдин  айтымында:

“Президент Садыр Жапаров кесиптеши Режеп Тайип Эрдогандан Кыргызстанда дайынсыз жоголгон Орхан Инанда жөнүндө сурады. Режеп Тайип Эрдоган аны тааныбайм, эч кандай маалыматым жок жана ФЕТОнун тарапкерлери жөнүндө эч нерсе уккум келбейт деп жооп берди.

Буга чейин Анкарадагы тараптар ФЕТОнун темасына токтолушкан. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча биргелешкен пресс-конференцияда түрк лидери жолугушуунун жүрүшүндө «террордук уюмдарга, анын ичинде ФЕТОго каршы күрөшүү маселелери, ошондой эле аймактагы кызматташуунун аспектилери талкууланды» деп билдирди.

Расмий Анкара Түркияда 2016-жылы болгон төңкөрүш аракетинин артында түрк оппозициясынын лидери Фетхуллах Гүлен жана анын Хизмет кыймылы турат деп ырастоодо. Түрк бийлиги бул уюмду ФЕТӨ деп атап, аны террористтик деп эсептейт. Кыймылдын миңдеген мүчөлөрү ийгиликсиз төңкөрүш аракетинен кийин кармалган, бирок Гүлен өзү жана анын тарапташтары төңкөрүшкө коюлган айыптарды четке кагууда.

Түрк бийлиги бир нече жолу «Сапат» тармагынын Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин Гүлендин жолдоочулары түзгөн деп айтып, бул тармакты жабууну талап кылышкан. Бирок расмий Бишкек бул талапты четке кагып, лицейлер эч кандай коркунуч жараткан жок деп билдирди.

 

Орхан Инанди 31-майда Бишкекте дайынсыз жоголгон. Ошондон бери ал жөнүндө эч нерсе билген эмес.