Улуу Британияда коронавирус илдети акыркы жумада 74 пайызга жогорулап, февраль айынан бери эң жогорку көрсөткүчту көрсөттү  деп билдирди   The Mirror.

Лондондун Империалдык Колледжинин профессору Нил Фергюсон өкмөткө сунушталган жаңы моделдөө маалыматтары Улуу Британияда коронавирустук инфекциялардын «олуттуу үчүнчү толкуну» коркунучу бар экендигин айтты.

Өткөн жумада Улуу Британияда коронавирус менен ооругандар 74 пайызга өсүп, 7540 учур катталды. Бул 5523 окуя катталган 26-февралдан берки рекорддук көрсөткүч болду.

Премьер-министр Борис Джонсондун айтымында, вакцина жасоо менен  21-июнга белгиленген чектөөлөрдү алып салуу үчүн жетишсиз болушу мүмкүн. Акыркы маалыматтардан Шотландияда акыркы төрт айда коронавируска чалдыккандардын саны эң көп болгонун көрүүгө болот. Жана чектөө чараларын узартууга туура келет.

Акыркы сутка ичинде жалпы 1011 COVID-19 учуру катталды, бул 17-февралдан бери эң жогорку суткалык көрсөткүч жана мурунку күнгө караганда 316 учурга көп.