Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы 1-май айылынын тургуну Айсулуу Мойдунова лидер айымдардын бири. Жергиликтүү мектепте агартуу тармагында 19 жыл иштеп, акыркы 10 жылдан бери саясатта аралашып жүрөт. Алгач жергиликтүү кеңештин эки чакырылышындагы депутаты болуп 6 жылдай иштесе, учурда Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы. “Эл эмгегин жер жебейт” дегендей Айсулуу айым кызматка келгенден бери элдин жашоосун жон териси менен сезип, кол куушуруп үйдө отуруп калган аялдарга жумуш ордун түзүп, элди жакырчылыктан чыгаруунун үстүндө иш жүргүзүп келет. Ошол эле учурда үй-бүлөдө бактылуу эне. Үч уулду тарбиялап, алардын баары үйлөнүп, жайланышкан. Эмгегинен баар тапкан Айсулуу айым элеттеги элдин көйгөйүн, айылда жасаган алгылыктуу иштерин, жетишкен ийгиликтери менен ой бөлүштү.
Мугалимдиктен саясатка карай жол
Айсулуу айымдын кесиби “тарыхчы”. Эмгек жолу өзү туулуп өскөн 1-май айылындагы Ажибек Юсупов атындагы орто мектепте мугалимдик кесиптен баштаган. 19 жылдык өмүрүн агартуу тармагына арнап, “Жылдын мыкты мугалимдин” кароо сынагынын жеңүүчүсү.
“Жергиликтүү кеңешке депутат болгонго чейин өзүм туулуп өскөн айылдагы мектепте тарых сабагынан берип калдым. Мугалимдердин жетишсиздигинен географиядан дагы сабак өтчүмүн. Агартуу тармагында иштеген соң изденип, окуучуларга берген билим жугумдуу болсун деп усулдарды колдонуп, ар бир баланын жан дүйнөсүнө жараша билим берет элем. Алдыңкы окуучуларым облустук олимпиадага чейин катышып, 2-3-орунга чейин алышты. География предметинен 2 окуучум Базарбай кызы Айзирек, Сооронбай кызы Фарида облуста 2-3-орунду алышты. 2009-жылы жылдын мыкты мугалими кароо сынагына катышып, облуста экинчи орунду камсыз кылдым. 11 макалам мезгилдүү басылмаларга басылып чыкты. Алар: “Кут билим”, “Мугалимдер дүйнөсү”, “Мезгил үнү”, “Ош жаңырыгы” ж.б. гезиттерге жарыяланып турду”,-дейт Айсулуу айым.
“Аялдардын түйшүгүн көрүп, депутат болдум”
Элет жеринде көпчүлүк аялдар жумушсуз, социалдык жардамга муктаж. Зордук-зомбулукка учураган, жакыр жашаган үй-бүлөлөр андан көп. Бул маселени мугалим катары Айсулуу айым көз алдынан өткөргөнү менен иштеген кесиби аны чечүүгө жол бермек эмес. Балким “жергиликтүү кеңешке депутат болсом элдин көйгөйүн чечүүгө көмөктөшүп, жапа чеккен аялдарга көп пайдам тийип калаар” деген максатта шайлоого аттандым”,- дейт каарманыбыз.
“Мугалимдик кесиптен алыстап, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешке алгачкы жолу депутаттыкка 2012-жылы аттандым. Элибиз колдоп берип, шайлоонун жыйынтыгында 31 депутат өтүп, анын ичинен экөөбүз эле айым болсок, калганы мырзалар. Кесиптештерим гендердик теңчиликти эске алышып мени төраганын орун басары кылып дайындашты. “Аялдардын түйшүгүн аял гана түшүнөт” дегендей депутат болгондон бери арыз-муңун айтып келген аялдардын аягы үзүлгөн жок. Бири жакырчылыктан кыйналса, дагы бир жетишпеген жашоодон азап чегип, жардамга муктаж. Кээ бири кызыл камчы жолдошунун запкысын тартып колдоого зар. Айта берсе көйгөй өтө көп. Бул маселенин баарын көрүп, кол куушуруп отура албадым. Көпчүлүк үй-бүлөдө жолдошунун тапканы менен жашап, бала-чакасын баккан аялдар түзөт эмеспи. Алардын башын бириктирип, алгач 15 аялга окуу тренингин өтө баштадым. Өзүңөргө маалым азыр эркектер иштеп, акча таап келгени менен ал эч нерсеге жеткире албайсың. Бардык жерде кымбатчылык. Ушундай абалда үйдө отурган аял баласын багып, үй-бүлөсүнө кантип жардам берип, жакырчылыктан чыгарса болот? Ушул суроонун үстүнөн иштей баштадым. Кудай баарыбызды жөндөмүбүз менен жараткан эмеспи. Ар бир аялдын шыгына, колунан эмне келсе ошого басым жасадым. Бири тигүүчүлүккө, чеберчиликке шыктуу келсе, кээ бири соода-сатыкка жакын жөндөмүнө карап аларга окуу тренингин өтө баштадым”,-дейт Мойдунова.
Элеттеги энелер ишкерликти 500 сом менен башташты
Айсулуу айымдын айтымында, жамааттык иш менен алек болгон мээнеттин акыбети сөзсүз кайтат. Ага жогорку билимдин, ири акчанын деле кереги жок. Жумушсуз отурган кыз-келиндерди чогултуп, алардын жөндөмүнө, дараметине карап эки топко бөлүп, ишти төмөнкүчө баштаган.
“Башта айтканымдай 15 аялды эки топко бөлдүм. Жарымы кыздардын себин даярдаса, калганы колго кесме кесип эч кандай жасалмасы жок, табигый “Кара-Кулжа кесмеси” бренд менен базарга сатмай болушту. Кесмени даярдоодо ар бир аял 500 сомдон чогултуп, топтолгон акчага бир кап ун, суу май алышып, аны колго жууруп, кесип, кургатып базарга сатышты. Колго жайылган кесме таттуу болот эмеспи, суроо талап өсүп, кардарлардын саны заматта көбөйүп, айымдардын сүйүнгөнүн айтпа. Алар кайра эле көбүрөөк кесме чыгарганга өтүштү. Акырындык менен лагман, чүчбара даярдай баштады. Көрдүңүздөрбү 500 сом менен башталган иш канчалаган ири кирешеге айланып отурат. Ал эми тигүүчүлүк менен алектенген келиндер кыздардын себин даярдашып, тапшырык алып тигип жатышты. Учурда бул аялдар үй-бүлөсүн багып, социалдык абалын чыңдап, жашоосу ирденип калды. Мындан тышкары дары чөптөрдү кургатып, дарыканаларга өткөргөн айымдардын тобу да бар. Жеке короосуна жашылчаларды эгип, салат жасап аны базарга саткан айымдар да бар. Албетте мындай айымдарга окутуп, мотивация, берсе эле иштин көзүн таап кетишет. Азыр мага ыраазычылыгын айтып, менден кеңеш алып турушат”,-дейт ал.
Кордолгон жоокерлер, колдоо тапкан мыйзам
Депутаттык иш жоопкерчиликтүү ары элдин жашоосун, көйгөйүн жеринде таанышып, көрөгөчтүктү талап кылат эмеспи. Айсулуу айым депутат болуп турганда бир катар мыйзамдардын үстүнөн иштеп, анысы Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапканын сыймыктануу менен айтып отурду.
“Жергиликтүү кеңешке жалпы 6 жылдай депутат болуптурмун. Бул кызматты аркалап турганымда ар бир токтомдун аткарылышына, ишке ашпай калган токтомдордун себебин аныктап, Жогорку Кеңештин депутаттары менен тыгыз кызматташып жаттым. Биздин аймакта көбүнчө энелер балдарын армияга жибергенден кооптонушуп, ал жакта өз жанын кыйгандар, өзүнөн мурда барган балдардын үстөмдүгү, уруп, сабоо көп катталып жатканын айтып тынчсызданышкан. Мен айрым фактыларды топтоп, аскердеги зомбулукту токтотуу максатында 2018-жылы Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун сунуштагам. Ал колдоо таап, аскерге жаңыдан кызмат өтөгөн жоокерлер өзүнчө турмай болушту. Анын натыйжасында зомбулукка кабылган жоокерлердин саны азайа түштү. Ошондой эле аялдардын жөлөк пул алуусунда дагы кыйынчылыктар болуп келген. Айылда кайнатасы же кайненеси менен жашаган келиндердин балдарына жөлөк пул чыкпай жатканынан улам нааразы болушкан. Алардын пенсиясы менен үй-бүлөнү, балдарды багууга мүмкүн эместигин айтып, балдарга жөлөк пул чегерүү боюнча парламентке сунуштарды бердик. Бул мыйзам дагы эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болуп, учурда иштеп жатат”,-дейт Мойдунова.
Жакырчылыктан чыккан үй-бүлөлөр, ишкердиктин эбине тапкандар
Айсулуу айымдын депутаттык мандатын тапшыргандан кийин мамлекеттик жумушту аркалай баштады. Тагыраагы 2018-жылы Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө социалдык иштер боюнча башкы адистигинде конкурстан өтүп, эки жыл иштеп, кийин 2020-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин аталган айыл өкмөттүн жоопту катчысы кызматын аркалап келет. Анын демилгеси менен бул кызматтарда иштеп турганда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлө турак жайлуу болуп, аз камсыз болгон 5 үй-бүлө күн батерейкасы менен камсыздалып, калкты жакырчылыктан чыгаруу боюнча окутууларда жүргүздү.
“Айыл өкмөттө иштеп турганымда Бурханбет Шеров аттуу жаранга жубайы экөө тең 1-топтогу майып болгондуктан 350 миң сомго үй салып бердик. Мындан тышкары аялдар арасындагы БУУӨП тарабынан конкурс өтүп, анда аз камсыз болгон аялдарды жакырчылыктан чыгаруу боюнча долбоор жазсам өтүп кетти. Долбоор элет жериндеги жайлоодо күн кечирген, жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган. Бул үй-бүлөлөр отундун, көмүрдүн тартыштыгынан кыйналып келишкен. Аларга күн нурунан электр энергиясын өндүргөн 5 батерейка менен камсыздап бердик. Натыйжада 5 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын үзгүлтүксүз алышып, ыраазычылыгын билдиришүүдө. Мындан тышкары “Демилгелүү, ишкер аялдар” коомдук фондуна донор жазып, 4 тигүү машинасын утуп алдым. Бүгүнкү күндө ал машинаны айылдагы кыз-келиндер пайдаланып, жумуш менен камсыз болушуп, калктын муктаждыгына жараша кийим-кече даярдашууда. Мындан тышкары БУУнун азык-түлүк программасына долбоор жазып, эң жакыр жашаган 15 дей адамды кесиптик шыктарга 3 ай окутуп, алар иш менен камсыз болушту. Агартуу тармагында, медицинада иштеген дарыгерлердин эмгегин баалап, аларга акимиат жана коомдук уюмдар тарабынан “Ардактуу мугалим”, “Эл сыймыгынын ээси”, “Эл дарыгери” “Улукман” сыйлыктарын беруу сунушун бердим. Анткени мектепте 30 жыл иштеп, бир дагы мамлекеттик сыйлыктарды албай калышы өкүнүчтүү. Алардын эмгеги ар убак бааланышы керек. Кичине кагаз болсо да көңүл эмеспи учурда элге эмгеги сиңген мугалимдер, дарыгерлер аталган наам менен сыйлыктарды алып жатат”,-деди Мойдунова.
“Саясатка аралашкан айымга жолдошунун колдоосу керек”
Кыргыз коомунда мамлекеттик органдарда, жергиликтүү кеңештерде, парламентте депутат айымдардын саны өтө эле аз. Алардын бул тармакка аралашпай калышына түрдүү факторлор себеп болушу мүмкүн. Айсулуу айымдын айтымында, аялдардын саясат айдыңына келишине үй-бүлөдөгү түшүнүүчүлүк мамиле, жолдошунун колдоосу мааниге ээ.
“Биздин коомдо гендердик теңчилик десе “аялдар эле бийликке келип, чоң кызматтарды ээлеп алат” деп түшүнүшөт. “Гендер” деген эркек менен аялдын тең укуктуулугу. Билим берүүдө, саясатта, ар кандай иштерди болобу аял менен эркектин укугу бирдей болушу керек. Айым болгон жерде жамаатта ынтымак, маселени чечүүдө көмөгү көп тиет. Аялдар үй-бүлөдө деле үнөмдүү болгондой эле өкмөттүн акчасын дагы сарамжалдуу иштеткенге жумшашат. Эркектер чече албаган маселени аялдар чечип салышат. Мисал катары өзүмдү айтсам, кесиптештерим менин айткан кеңештеримди, сунуштарымды колдоп, бүгүнкү күндө турмушка ашып, иштеп келет. Андыктан аялдардын саясаттын казанында кайнап, анын арабасын тартып, лидерлик сапатка жетиш үчүн эч нерседен тартынбай, тайманбашы керек. Менин ушул тармакка аралашып кетүүмө жолдошумдун салымы чоң. Ал мени түшүнүү менен мамиле кылып, ар тараптан колдоп, оюмду бөлүшүп, максатыма жетүүмө түрткү берди. Эгер жолдошуң колдоп турбаса, кызганып, “үйдө отур” дей берси мен ушундай ийгиликке жете алмак эмесмин”,-дейт ал.
Айымдарга айта турган кеңешим
— Үй-бүлөдө эң бактылуу энемин десем жаңылышпайм. Үч уулум, жети неберем бар. Алардын баары турмуштан өз ордун таап, уулдарым да жогорку окуу жайын аяктап, өз иштери менен алек. “Кудайдын кулагы сүйүнсүн” үч келиниме тең өз кызымдай мамиле кылып, түшүнүүчүлүк менен мамиле жасайм. Алар мени өз энесиндей көрүшөт. Алардын эмне көйгөйү болбосун жолдошум экөөбүз кеңешип маселесин чечип келебиз. Ошондой эле келиндеримдин ийгиликке жетишине, алардын коомдо өз ордун табууга, татыктуу эне болушуна түрткү берип турам. Келиндерим айылда талаада кара жумушта иштебесе дагы балдарын чоңойтуп, аларга татыктуу тарбия берип, бош боло калышса Интернет аркылуу акча таап, өздөрүнүн кем каржысын өздөрү чечип жатышат. Анткени аялзаты эркектин бутуна бут, колуна кол болушу керек. Биздин үй-бүлөдө баарыбыз иштейбиз. Жолдошум дагы эмгектенет. Мен дагы иштейм. Мисалы аялдарда эркекке айта албаган көйгөйлөрү болуп калышы мүмкүн ошол учурда эркектин колун жалдырап карап турбастан өзүңдүн маселеңди, чыгымыңды өзүң чечип, балдарыңа чейин жеткирсең жолдошуңа, үй-бүлөңө кошкон чоң салым болуп жатпайбы. Учурдан пайдаланып айымдарга айтаарым. Азыр аялдарга мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Өзүңдү — өзүң каржылап, ар кандай иштер менен алек болсоң болот. Мисалы аялдар айыл жеринде деле бош отурбай тигүүчүлүк, дыйканчылык, кулинарияны өздөштүрүп деги эле колуңдан эмне келсе базар экономикасынын өнүгүшүнө өз салымыңды кошсоң эмнеге болбосун? Болгону адамда каалоо, изденип, талыкпастан эмгектениш керек. Ийгилик жөн жерден келбейт эмеспи.
КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ