2021-жылдын январь-май айларында мамлекеттик карызды тейлөөгө 13 миллиард 178,1 миллион сом сарпталды. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлигинен маалымдашты.

Мунун ичинен 8,3 миллиарды сырткы карызды төлөөгө жумшалды. Былтыркы жылдын ушул эле убагында мамлекеттик береседен четинен кутулуу үчүн 14,2 миллиард сом коротулган.

Үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды жабууга 37 миллиард 266 миллион сом жумшоо пландалганы айтылды. Бул рекорддук көрсөткүч. Анткен менен карыз боюнча эл аралык уюмдар жана башка мамлекеттердин берген жеңилдиктерине жараша бул сумма кыскарып калышы ыктымал.