9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Анкарада жолукту.

Эки тараптуу жолугушууда маданий, соода-сатык, экономика, аскердик-техникалык маселелер талкууланды. Өз кезегинде Түркия Республикасынын президенти менен соода-экономикалык кызматташтыкты жана башка байланыштарды мындан ары да өркүндөтүү, соода жүгүртүүнү 1 миллиард АКШ долларына чейин жеткирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүү жөнүндө макулдашылды.

Жетишилген келишимдерге ылайык, төмөнкү 9 документке кол коюлду.
Алар:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин жаатында макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Автордук укук жана чектеш укуктар жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу;
— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин ортосунда жаштар саясаты жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— 2018-жылдын 9-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык иш-аракеттер планын бекитүү жөнүндө протокол;
— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы протокол жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
— Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын Стратегиялык кызматташуусунун жогорку кеңешинин 5-жыйынынын жыйынтыгы боюнча Биргелешкен билдирүү.
Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн президенттеринин администрацияларынын ортосунда расмий иш сапардын алкагында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча тыгыз кызматташуу жөнүндө макулдашты.

Бул жетишилген макулдашууларда маданий алакаларга басым жасалып, эки тараптуу маданий иш-чаралар байма-бай өтө турган болду. Кыргыз-түрк алакасынын маданий алаканын жаңы барагынын ачылышы, мындан ары бекемделиши көп нерседен кабар берет. Биринчиден Кыргызстанда маданий мекемелер каралбай, кароосуз калган имараттар көбөйүп, маданият ишмерлери көңүл сыртында калган эле. Президенттин бул сапарда Түркия менен маданият алакаларын жакшырышы дагы Кыргызстандын маданиятына көңүл бурулушуна, түрк кесиптештери менен тажыйба алышына жакшы жөрөлгө болгону турат.

Ошол эле учурда Жапаровдун Түркиядагы сапары соода-экономикалык кызматташтык дагы орун алды. 10-июнда, Анкара шаарында Түркия Республикасынын Соода палаталары жана товардык биржалары бирлигинде бизнес коомчулуктун алдында сүйлөгөн сөзүндө. Мамлекет башчысы бүгүнкү иш-чара эки өлкөнүн ишкерлер ортосундагы жемиштүү байланыштарды өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарына ишенимин билдирди.


«Экономикалык кызматташууну кеңейтүүнү биздин ишибиздин башкы артыкчылыгы катары карайм. Кыргызстанда түрк инвесторлору көп, биз алар үчүн ар дайым ачыкпыз жана жаңы ишкерлерди кабыл алууга дайым даярбыз. Кыргыз тарап ак ниет инвесторлордун демилгелерин толугу менен колдойбуз жана аларга максималдуу жардам берип келебиз. Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө түрк компанияларынын инвестицияларын, алдыңкы технологияларын жана менеджментин тартууга кызыкдарбыз», — деп белгиледи Садыр Жапаров.