«Kadam-media.kg»  маалымат порталы,  коомдук ишмер,  профессор Каныбек Осмоналиев агай менен ой бөлүшүп, өлкө башчысынын  Түркияга болгон расмий иш  сапары тууралуу суроо салдык.

Агайдын айтымында, Президент Садыр Жапаровдун Туркия өлкөсүнө жасаган расмий иш сапары абдан ийгиликтүү өтүүдө.

«Кыргызстан менен Туркиянын расмий дипломатиялык кызматташуусуна 30 жыл толду. Биз эгемендүүлүккө ээ болгонубузда Туркия эң алгачкылардан болуп расмий тааныган. Ушул феномен эле көп нерсени билдирип турат.

Президент Садыр Жапаровдун Туркия өлкөсүнө жасаган расмий иш сапары абдан ийгиликтүү өтүп жатат десек болот. Анткени, бул жолугушуу эки өлкөнүн мамилесин жаңы тепкичке көтөрдү. Келечектеги кызматташтыктардын приоритеттерин белгилешти. Алсак, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү аракеттер талкууланып, баш аягы болуп 8 багыттагы өз ара кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду. Бул чоң ийгилик.

Ушул эле жылдын 8-9-июлунда  Чолпон-Атада кыргыз-түрк бизнес-форуму өткөрүлө тургандыгын белгилешти. Эки лидердин тет-а-тет форматындагы жолугушуп сүйлөшүүлөрү дагы көп жакшы үмүттөрдү жаратат.  Азыркы жапайы мүнөзгө айланып бара жаткан ааламдашуу процессинде түрк цивилизациясынын иденттүүлүгүн сактап калуу абдан актуалдуу болуп саналат.  Кыргыз элинин улуттук идеологиясын түзүп алуунун аракетин көрүп келе жатабыз го! Демек бул багытта дагы түрк туугандар менен алакалашуу аракеттерибиз күчөш керек! Социалдык маселелерге таандык болгон кызматташуулар багытындагы документтерге кол коюлар купулга толду.

Булар:  Автордук жана чектеш укуктар жаатындагы меморандум; маданият жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу жана маданий борборлорду түзүү жана алардын иштеши жөнүндө макулдашуу. Өзгөчө жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму жакты!

Президент Садыр Жапаров  Анкара шаарында өткөн IV Ысык-Көл форумунда Чынгыз Айтматовдун феноменин укмуш белгиледи. Аны дүйнөлүк  казынага ири салымын кошо алган ойчул катары мүнөздөдү. Кыргыз-түрк кызматташытыгынын келечеги кең экендиги ачык-айкын болуп калды!”-деген пикирин билдирди.