«Кумтөр Голд Компани» ЖАКы (КГК) анын атынан Америка Кошмо Штаттарында банкроттук процедуранын демилгеленишине тынчсыздануусун билдирди. Компания билдирүүсүн өзүнүн сайтына жайгаштырган.

Анда компания «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы түзүлгөн күндөн тартып өз ишин Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык жүргүзүп келе жатканы айтылат. Бул шарт «Центерра Голд Инк.» жана Кыргызстандын өкмөтүнүн ортосундагы келишимдер менен бекитилгени белгиленет.

«Кумтөр Голд Компанинин» ишмердиги Кыргызстандын мыйзамдарына гана баш ийет. КГК төлөөгө жөндөмдүү компания жана жакынкы келечекте «Кумтөр» кенинин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн товарларды жана тейлөөлөрдү көрсөткөн жеткирүүчүлөрү менен өз убагында эсептешүү боюнча жоопкерчиликтен баш тартпайт. КГК өзүнүн социалдык милдеттенмелерин жана Кыргызстандын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин, жалданма уюмдардын алдында бардык милдеттенмелеринин аткаруусун улантат», — деп айтылат билдирүүдө.