Бүгүн, 11-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 684 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

» 11-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 684 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 1004 метр куб, агып чыгышы 407 метр кубду түзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

9-июнда суу сактагычта 10 миллиард 581 миллион метр куб суу бар болчу.