Чүй облусунун Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө оор жүк ташуучу КамАЗ менен Honda Avancier үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен Honda Avancier унаанын 21 жаштагы айдоочусу каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандын сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.