КРнын эмгек сиңирген мугалими  «Ата энелер сиздер»; «Өзүн өзү тарбиялоо», «Акыл эмгегинин маданияты» сыяктуу   көптөгөн китептердин автору, «Энелер мектебинин» негиздөөчүсү  Гапыр Мадаминов агай борбор калаа Бишкекте 2 күндүк акысыз семинар уюштуруп өтүп жатат.

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят, в помещении и текст «REDMI NOTE 9 QUAD CAMERA»)

Семинарда «Мугалимдер үчүн», «Ата-энелер үчүн»  жана «Жаштар, студенттер, болочоктогу ата-энелер, жаш үй-бүлөлөр үчүн» лекция окулууда.

Гапыр Мадаминов агай  семинардын жүрүшүндө, жакында Кыргызстанда биринчи жолу кыздын себине сандыкка кырк китеп салынып берилерин белгиледи.

«Манас, Семетей, Ч.Айтматовдун китептеринен баштап, дуйнөлүк классиктерден китептерден тартып үй-булө куруу,  бала тарбиялоо, ата-энелер учун багытталган китептер сепке кошулуп берилет.   Алардын тизмесин түзүп даярдап койдум.  Жаш жубайлар чогуу китептерди окуп, сабак алышып,  балдарына дагы жуктурушат. Ата-энелер окуп  билген билимине жараша мыкты тарбия бере алышат.   Аталган долбоор жакында тойдо эксперимент болот »,-дейт агай.

Возможно, это изображение (9 человек, люди стоят, люди сидят и в помещении)