Баткен облусунун Лейлек районуна аскер шаарчасын куруу үчүн аскер шаарчасын куруу үчүн жер тилкесин трансформациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп, жер тилкелерине укуктук документтер алынган. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Инженердик-геологиялык изилдөөлөр жана топографиялык изилдөө иштери аяктап, архитектуралык-пландоо жана инженердик-техникалык шарттар алынды, долбоордук-сметалык документтер даярдалууда.

Ошол эле мезгилде  башкы подрядчикти аныктоо иштери да жүрүп жатат.

Аскер шаарчасынын курулушу 2019-жылдын 8-июлунда Баткен районунун айрым чек ара аймактарында аскердик коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Коопсуздук Кеңешинин чечимин ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

9-июнда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча кеңешме өткөрүп, Коргоо министрлигине даярдык иш-чараларын аяктап, объектинин курулушун баштоону тапшырды.