«Кумтөр» алтын кенин иштетип келген «Центерра Голд» компаниясынын директорлор кеңешиндеги Кыргызстандын мурдагы өкүлү Эдуард Кубатов Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты.

Эдуард Кубатов бул тууралуу кийинчерээк комментарий бере турганын билдирди.

Эске салсак, альпинист Эдуард Кубатов 2016-2019-жылдары Кыргызстандын «Центерра голд» компаниясынын директорлор кеңешиндеги мүчөсү болгон.