Эгиз уулум менен жолдошум бул дүйнөнү таштап кеткенден кийин мен аялдык бакыт эмне экенин унутуп калгам.

Анан сен жолуктуң, иий-ии сен. Баарына балекеттей көз кырын салып, адамдын ичи коюнун аңтара тиктеп карап байкачу сапатым бул сапар алыс кетип эт бетимден кетип сени сүйүп калдым.

Акмакмын да, эмнеге ошондо баарын байкабадым экен? Же сага ишендим беле? Ооба, ишенгем. Кудайдан кийин эле сага ишенчүмүн. Анан баардык эркектер сыякттуу эле айткан убадаларыңа ишендим.

“Мечиттин жанына үй салабыз, балдарыбыз азан угуп чоңоёт. Ферганага барып эс алып келебиз…” — деги койчу укмуш убадалар. Байкуш убадаларыңдын баары аткарылбай калды. Ага деле мейли, сен чоң кызматка дайындалганда жерге сууга батпай сүйүндүм. Анан сен өзгөрө баштадың, өзүң да билбей өзгөрүп, кагынып силкинип, кааласаң жооп берип каалабасаң жооп бербей. Таң калтырдың мени.

Күл болуп өрттөнүп атсам да, миллион төгүлүп сүйүү сөздөрүн жазып атсам да салкын жоопторуңа күйдүм. Сенин көлөкөңдө жашагым келген мени сен тебелеп өтө баштадың. Анан да уялбай туруп “мен сенин телефонуңду далай жолу өчүрүп кайра жазгам”-дегенде арыма келдим. Кимди сүйгөм, ким үчүн парвана көпөлөк болуп атам, ким бул мага? Түбөлүк жанымда боло алабы?..

Баарына эле болбойт деген жооптор. Өзүм куруп алган, жалгыздык деген капкараңгы көрдөн чыгып туруп миңдеген аракеттер менен куруп алган шаарым болбойттор менен бут алдыма кулап түшүптүр качан эле. Мен эле жанталашып, жанымды таштап мамилени сактап калууга аракеттене бериптирмин.

Билесиңби, эми мен сенсиз жашай баштадым. Бүгүн жашадым, эртең да жашайм, башка күнү да жашайм. Ошо, кантип жолугаар экенбиз э? Жок жолукпай эле коёлучу. 3 жылда сага көнүп бүтүп калыптырмын, сени билбейм, мага өзү көндүң беле?

Эх мырзалар, жалгыз аялдардын жүрөгү менен ойнобогулачы!

Айдай, Бишкек шаары.