Ош шаарында санитардык-эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин маданий-массалык иш-чаралар токтотулат. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.

Мындан тышкары, бир нече чектөөлөр киргизилген.

Коомдук транспорттор боюнча төмөнкү эрежелер киргизилди:

коомдук транспорттордо жүргүнчүлөрдү толтурбоо зарылчылыгы жана бет кап кийүү милдеттендирилет;

санитайзерлер коюлушу шарт;

аралык сакталышы керек;

маршруттук каттамдардын айдоочуларында патенттин сөссүз болушу керек.

Ошондой эле коомдук жайлар жана муниципалдык аймактык башкармалыктарда түшүндүрүү иштери күчөтүлүшү керектиги айтылган. Учурдагы кырдаалга байланыштуу кошумча үч мобилдик топ кызмат кылат. Базарлар жумасына бир жолу жабылып, тийиштүү кызматтар тарабынан залалсыздандыруу иштери жүрмөкчү.

«Тойканалардын, ресторан-кафелердин сыйымдуулугу 50 пайыздан ашпашы керек. Той-мааракелер кырдаалга байланыштуу 1-июлга чейин токтотулушу мүмкүн. Кырдаал курчуса кошумча күнү-түнү иштеген стационарлар ачылат, бул боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатат», — деп айтылган маалыматта.

Учурда №52 жана №18 мектептерде күндүзгү стационар ачылган.

Медицина кызматкерлери үчүн «Умму Мухаммед» медресесинде жана Оштогу Ислам колледжинде обсервация даярдалган.

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны кайрадан көбөйө баштады. Соңку сутка боюнча статистикада инфекцияны жуктургандар Бишкек шаарынан кийин (273) эле Ош калаасында (110) көп катталды.