Кытайдын Улуттук Космостук Башкармасы (CNSA) Чжучжун ровери жиберген сүрөттөрдү жарыялады, деп жазат «Медиазона».

Сүрөттөр Марстын түндүк жарым шарындагы Утопия түздүгүнүн көрүнүштөрү, ошондой эле конуучу платформа менен кошо өзүнчө селфи көрсөтүлгөн. Бул сүрөттү тартуу үчүн «Чжужун» платформадан он метр аралыкка  алыстап, Марстын бетине камера орнотуп, андан кийин баштапкы абалына келген. Конгон аянтчанын бортунда Кытайдын желегин жана 2022-жылы Бээжин олимпиадасынын тумарларын бөлүп кароого болот.

Кытайда планеталар аралык «Тяньвен-1» станциясы борттогу ровери менен Марска 2020-жылдын июль айында учурулган. Ал февраль айында планетанын орбитасына жеткен. Планетадагы «Чжужундун» пландаштырылган жашоосу 90 Марс күнүн түзөт.