Бишкек—Ош жолунун 495-чакырымында жол кырсыгынан улам алты адам каза таап, эки киши жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолдун Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагында «Мерседец-Бенц» оор жүк ташуучу унаасы менен «Хонда Одиссей» унаасы кагылыша кеткен.

Ноокен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн төрт куткаруучу тартылып, каза тапкандарды ИИМ кызматкерлерине, ал эми жабыркаган эки кишини тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда каза тапкандардын аты-жөнү такталып жатат.

26-майда аталган жолдун 170-чакырымында «Тойота Камри» жеңил унаасы менен «МАН» оор жүк ташуучу унаасы кагылыша кеткен — анын кесепетинен жеңил унаанын ичинде бараткан беш киши — эки эркек, эки аял жана бир жаш бала жеринде каза болгон.

Ал эми март айында ушул эле жолдо кырсык катталып, кесепетинен эки киши каза болгон. Дагы 13 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.