Голландиянын мураскер ханбийкеси  Амалия университетте окуусу  үчүн  төлөнө турчу  1,6 миллион евро өлчөмүндөгү жылдык мамлекеттик жөлөкпулдан баш тартууну чечти.

NOS басылмасы жазгандай, Нидерландыдагы падышалык үй-бүлө мүчөсү жөлөк пулдан баш тарткан тарыхта биринчи жолу болуп жатат.

Ханбийке Амалия декабрда он сегиз жашка чыгат жана ошол учурдан тартып, мыйзамга ылайык, ал жылына болжол менен 1,6 миллион евро алууга укуктуу.

Жылына 300 000 евродон бир аз кем киреше, ал эми 1,3 миллион евродон ашык кызматкерлерге жана материалдык чыгымдардын ордун толтурууга каралган.

Мураскер ханбийке бул тууралуу кызматтан кетип жаткан премьер-министр Руттага кат жазып, Өкүлдөр палатасына кабарлаган.

Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте бул чечим боюнча  талкуу жаратпайтдеген комментарий берип: «Жок, мыйзам мыйзам бойдон калууда.  Ал өзү ушул тандоону жасады», — деп билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, алар мындай кадамга барган  ханбийкесине кубанып, «бул маселеде көйгөй жаратпаш керектигин жана  Амалия «улуу ханыша» болот»,- деп эсептейт.