Чүйдө кудукка түшүп кеткен бала куткарылды. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Токмок шаарынан Шамшы айылына баруучу унаа жолдо 14 жаштагы Р.Н. аттуу бала кудукка түшүп кеткен. Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, баланы кудуктан чыгарышкан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, баланын абалы жакшы.