Кыргызстанда 14-июнга карата коронавирус дагы 459 адамдан аныкталып, 9 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарында – 178,

Ош шаарында – 122,

Чүй облусу – 3,

Ош облусу – 46,

Талас облусу – 4,

Нарын облусу – 10,

Ысык-Көл облусу – 11,

Жалал-Абад облусу – 64,

Баткен облусу – 21 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 257 адам илдеттен сакайды

Бишкек шаарында – 132,

Ош  шаарында – 35,

Чүй облусу – 33,

Ош облусу – 15,

Талас облусу – 5,

Ысык-Көл облусу – 16,

Ж алал-Абад облусу – 18,

Баткен облусу – 3 адам.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 6,

Чүй облусунда – 1,

Ысык-Көл облусунда – 1,

Жалал-Абад облусунда – 1 бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 906 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 680 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 110 миң 829 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 102 миң 890 киши айыгып чыкса, 1 миң 899 адам каза болду.