Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерин көрсөткөн партиялардын саны 17ге жетти. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө аталган саясий уюмдар талапкер катары Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан каттоодон өттү.

Алар төмөнкүлөр:

  • «Ата-Журт Кыргызстан»;
  • «Эмгек»;
  • «Туран»;
  • «Келечек-Будущее»;
  • «Реформа»;
  • «Өнүгүү-Прогресс»;
  • «Биздин Кыргызстан»;
  • «Биздин Эл»;
  • «Борбор» («Столица»);
  • «Замандаш»;
  • «Ынтымак»;
  • «Күч биримдикте» («Сила в единстве»);
  • «Жаңы-Мезгил»;
  • «Социал-демократтар»;
  • «Ишеним»;
  • «Улуу Журт»;
  • «Кыргызстан жашылдар партиясы».

Эске салсак, буга чейин БШК 11-апрелде өткөн Токмок, Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга массалык мыйзам бузуулар себеп болгон.

Кайра шайлоо 11-июлга белгиленди.