Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын Алкыш баракчасы жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктары менен Баткен облус аймагында коомдук тартипти жана элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууда көп жылдардан бери үзүрлүү жана жигердүү кызмат өтөгөн кызматкерлер сыйланды.
Баткен ОИИБнын начальниги милициянын полковниги Мурат Боронов өздүк курамга сыйлыктарды тапшырып жатып “Ар бир жарандын коопсуздугун сактоодо милдетибизди так жана кынтыксыз аткаруу чоң жоопкерчилик. Биз милдетибизге так жана кыраакы болушубуз керек” деп жылуу сөздөр менен куттуктады.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы