Жекшемби күнү Кытайдын борбордук бөлүгүндө турак жайлардын биринде газ түтүгүнүн жарылуусунан кеминде 12 адам каза болуп, 39 адам оор жаракат алышты деп жазат Ассоциация Пресс.

Эртең мененки Хубей провинциясындагы Шиян шаарында болгон жардыруу учурунда 150дөн ашуун адам ооруканага жөнөтүлгөнүн расмийлер билдирди.

Жарылуунун себептери дагы эле иликтенүүдө.

Дарыканалар, ресторандар жана башка ишканалар жайгашкан 1990-жылдардын башында курулган эки кабаттуу имарат жарылды. Жарылуу таңкы саат 6:00 чамасында болуп,  азык-түлүк базарында эртең мененки жаңы жашылчаларды сатып алып жаткан күркөлөрдүн ээлери жана кардарлары көбүрөөк жабыркаган. Аймактан 900дөн ашуун адам эвакуацияланган.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 1-июлда башкаруучу Коммунисттик партиянын негизделгенинин 100 жылдыгына карата «жакшы атмосфера» түзүү үчүн жарылуунун себептерин кылдат иликтөөгө чакырды.

«Компаниялардагы жана шаарчалардагы көптөгөн аварияларды эске алуу менен, бардыгы өз милдеттерин аткарууга, саясий түшүнүктөрүн бекемдөөгө жана ушул коркунучтардын себептерин түп-тамыры менен жоюуга биргелешип аракет кылышы керек»,- деди Си Цзиньпин.