Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана туристтик милициянын кызматкерлери «Кырчын» жана «Барчын» балдар лагерлеринде болушуп, 28-30-апрель күндөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө болгон окуяларда жабыркаган Баткен облусунун балдары менен кезигишти.

Балдардын эң белгилүү фольклордук ырларынын бири болгон «Ай чыкты карачы» ырын, жолугушуунун катышуучулары балдар лагеринин сахнасында ырдашып, булутсуз балалык сезимин, аларга болгон тилектештигин жана балдар Кыргызстандын сыймыгы экендигин даңазалашты. Ал эми туристтик милициянын кызматкерлери балдарды келечекте укук коргоо органдарында иштөөгө кызыктыруу максатында, өздөрүнүн кызматы жөнүндө айтып беришти.

«Бул акция менен биз жаш муундарды тарбиялоодо чоңдордун маанисин баса белгилегибиз келет. Ал эми ыр адамдар үчүн эӊ бир чоӊ мотивация болуп саналат, бул жашоодон ырахат алууга, жакшы маанайда болууга жана башкаларга жылмаюу тартуулоого жардам берет», — деп белгиледи Ысык-Көл ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишев.

Жолугушуунун жүрүшүндө милиция кызматкерлери балдарга жайкы каникул учурунда негизги коопсуздук эрежелерин эскертип, ошондой эле Жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча сунуштарын беришти. Коштошуп жатып, балдар жайкы каникул күндөрү эч кандай окуясыз өтүшү үчүн, формачан келген меймандарга бардык коопсуздук эрежелерин сактоолору боюнча убадаларын беришти.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы