Дорсет шаарынын тургуну (Англия) тактай үсүндө туруп сүзүүгө жакында эле кызыгып, деңизге чыккан бешинчи же алтынчы жолукусунда таң калыштуу окуяга туш болду. Кенк адаттагыдан дагы алыс сүзүүгө батынып, анын тактайына тюлень чыгып алганда  өзүнө ишенбей турду.

Алгач, ал  тюлень тактайды оодарып кетет деп корккон, бирок эч нерсе болгон эмес.Тюлень  күнгө бир аз кактанып, андан кийин Кенкти кунт коюп карап, кайрадан сууга секирип көздөн кайым болгон.