Президент Садыр Жапаров Памирлик кыргыздарга жардам берди. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Мамлекет башчысы ар бир үй-бүлөгө 17 кой, бирден уй жана бирден жылкы берген.

Эске салсак, Садыр Жапаров 4-апрелде, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылына Афганистан Ислам Республикасынын Кичи жана Чоң Памир аймактарынан көчүп келген этникалык кыргыздар менен  жолугушкан.

Президент өз сөзүндө жергиликтүү бийликтин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар көңүл буруп жана тургундар айткан маселелерди тез арада чечүүгө убада берген. Андан соң тургундарга жардам иретинде 1,5–2 айлык азык-түлүк кору барган.

Тасма Адыл Акжол уулунун Ютуб каналынан алынды.