Бүгүн, 15-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 843 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 15-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 843 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 857 метр куб, агып чыгышы 407 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Кечээ, 14-июнда суу сактагычта 10 миллиард 805 миллион метр куб суу бар болчу.