Кытай Илимдер академиясынын жана Шандун университетинин окумуштуулары SARS-CoV-2 эволюциялык келип чыгышы боюнча изилдөө жүргүзүп, жарганаттардан коронавирустун 24 жаңы түрүн табышты. Жыйынтыгы Cell журналына жарыяланган.

Эксперттер 2019-жылдын май айынан 2020-жылдын ноябрь айына чейин чогултулган 342 жарганаттын шилекейи менен калдыктарын текшерип чыгышты. Материалда изилдөөчүлөр жыйырмадан ашуун COVID-19 геномун таап, пандемияны пайда кылган SARS-CoV-2 сыяктуу төрт коронавирусту аныкташкан.

“SARS-CoV-2 менен байланышкан вирустар жарганат популяцияларында айлануусун улантууда”, -дешти окумуштуулар. Алар жарганаттар адамдардын катуу ооруларын козгоочу козгогучтар үчүн эң сонун табигый булагы экендигин баса белгилешти.

«Коронавирус инфекциясы жарганаттардан жана адамдардан тышкары көптөгөн үй жана жапайы жаныбарларга, анын ичинде чочколорго, бодо малга, чычкандарга, мышык, иттерге, тоокторго, кийиктер жана кирпилерге жугушу мүмкүн», — деп жазат басылма.