Кыргызстандын футбол боюнча 20 жашка чейинки кыздардын курама командасы тажикстандык атаандашын 3:0 эсеби менен утуп алды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Бир топту Татьяна Казначеева киргизсе, эки гол Адинай Дүйшөбаевага таандык.

Борбор азиялык футбол ассоциациясынын чемпионаты (CAFA-2021) ушу тапта Душанбе шаарында өтүп жатат. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Иран, Афганистан жана Тажикстандын командалары катышууда. Мелдеш айлампа системасы менен өтүп жатканы айтылды. Жеңүүчү команда чогулткан упайлардын эсеби менен аныкталат.

Ушу тапта кыргызстандык футболчу кыздар эки оюндун жыйынтыгы менен үчүнчү орунда турат. Буга чейин Өзбекстандын командасына 3:1 эсеби менен утулуп калган.