Бул жолку каарманыбыз алыскы Лейлек районунун Айбийке айылынын тургуну Нурбай Базарбаевдин жашоосу тууралуу болмокчу. Ал 3 жашында ооруп, эки буту баспай, сүйлөбөй да калган. Ага карабастан жашоо үчүн күрөшүп, Интернет аркылуу жубайы Элмира менен таанышып, ата-энелердин каршылыгына карабай баш кошушкан. Учурда 3 кыздуу болушуп, аларга татыктуу тарбия берип, жашоодон өз ордуларын тапкан үй-бүлөлөрдүн катарын толуктайт. Эмесе кеп башынан болсун.

Маектешим Нурбай Базарбаев менен “WhatsApp” аркылуу байланыштым.

—       Саламатсызбы?

—       Саламатчылык!

—       Сиз тууралуу маек уюштуралы дедик жооп бере аласызбы?

—       Макул, бирок менин айткандарыма түшүнбөй каласыз да?

—       Анда суроолорумду сизге жазуу түрүндө калтырайын.

—       Макул суроону бере бериңиз.

Биздин маегибиз дал ушундай башталды. Буга чейин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан кыска гана маек алганым болбосо бул жолкусу бир топ убакытка чейин созулду. Маек арасында үйүнөн чыгып өзү отурган араба менен жумуш бөлмөсүнө бара турганын айтып, алты саны амандардай жашоо үчүн күрөшкөн, эмгекти сүйгөн, жубайы болсо үй оокаты менен алышып, бала карап, аларга татыктуу тарбия берип, барына шүгүр келтирип жашаган жупуну үй-бүлө көз алдыма тартылды.

Жашоодо кандай гана адам болбосун алдыга гана умтулуп жашаш керек!

Нурбай Базарбаев 1-топтогу майып, учурда 37 жашта. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгенинен карабай айыл тургундарынын иштен чыккан телефонун оңдоп, бирдик салып, андан түшкөн каражатка үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай багып келет.

“Үч жашымда менингит оорусу менен жабыркап, ал илдеттен айыгуу үчүн дарыгерлер жүлүнүмдөн суу алышкан. Ошондон кийин эки бутум иштебей, арабада отуруп калгам. Илдеттен сакайып, катардагы адамдардай жашоо үчүн барбаган жерим, көрүнбөгөн дарыгерим калган жок. Көптөгөн ооруканаларга кайрылдым, бирок эч майнап чыкпады. Башыма сыноо болгон үчүн алдыга гана умтулуп, жашоо үчүн күрөшүп келем. Кудайыма шүгүр, азыр үй-бүлөм, иштеген жумушум бар. Өзүмдүн чакан телефон оңдоочу жай да ачып алгам. Ал жака күн сайын үйүмө барып, келип иштейм. Элдер соткасы бузулса мага кайрылышат, колуман келишинче оңдоп, бирдик салып берем. Кээ бири сөзүмө түшүнбөй калат аларга жазуу түрүндө түшүндүрөм. Көчөдө жүрсөм башында эл мени таңыркап карап, кээ бири мыйыгынан күлүп коюшчу. Мен ага деле маани берчү эмесмин. Азыр бизге окшогон адамдарды туура түшүнүү менен мамиле кылып калышты”,-деди ал.

Нурбай Базарбаев: Жубайым менен Интернеттен тааныштым

Нурбай Базарбаев 11 бир тууган. Үй-бүлөдө жалгыз уул. Ата-энеси, үй-бүлөсү менен айылда чогуу турушат. Жубайы Элмира менен түтүн булатканына 10 жылдан ашты. Бул убакыт аралыгына 3 кызды чоңойтуп, аларга татыктуу тарбия берип келишет.

“Жубайым Элмира менен Интернеттен соцтармак аркылуу таанышып калгам. Биздин убакта “Mail.ru” жаңыдан чыгып, жаштар көп отурчу. Бир убакта бош убактым боло калганда кыздардын баракчаларына көз чаптырып, арасында Элмирага көзүм урунду. Аны сөзгө тартып, таанышууга өттүм. Менин мындай абалымды кийин жолугушууга жакын калганда баарын ачык эле айттым. Ал деле мындан ары сүйлөшүүгө каршылык көрсөтпөй, мага көнө түштү. Тагдырдын буйругу экен 27 жашка толгонумда баш коштук. Чогуу жашаганыбызга 10 жыл болду. Мага жолуккан жубайыма ыраазымын. Менин бутума бут, колума кол болуп, бири-бирибизге жөлөк таяк болуп жашап келебиз”,-деди Базарбаев.

Элмира: Жолдошум мектепте окубаса дагы катасыз жазат

Жубайы Элмира Төрөкулова болсо жолдошу экөөнүн кантип таанышып калганы азыркыга чейин көз алдында. Алты саны аман туруп, Нурбай мырзага кантип турмушка чыгып калганын, анын өзгөчө сапаттарга ээ экенин мындайча айтып берди.

“Жолдошум мектепке барып, партада отуруп окубаса дагы мени менен таанышканда катасы жок жазчу. Муну кийин билдим. Мугалими жок үйдөн өз алдынча тамга таанып, кат сабатын жойгон экен. Жаңыдан таанышканда эле ак көңүл, чечкиндүү, ыймандуу мырза экенин байкагам. Бир эле жери мага телефондон чалып, сүйлөшчү эмес. Эмнеге сүйлөбөйсүз? Деп суроо бере-берчүмүн. Ал эки буту иштебей, арабада отура турганын ачык эле айтып, мени турмушка чыгышымды, канча жыл күтсө ошончо күтө турганын айтты. Өмүрлүк жар тандоодо көбүрөөк маалымат алгың келет эмеспи, акыры 8-март аялдардын майрамына карата Исфанадан кездешмей болдук. Унаанын ичинде бир топко чейин сүйлөшүп отурдук. Андан көп убакыт өтпөй баш кошуп калдык. Башында ата-энем каршы болду. Мен аларды көндүрүп, кийин бизди туура түшүнүү менен кабыл алышты”,-деди Элмира.

Жолдошума турмушка чыкканыма такыр өкүнбөйм”

Нурбай Базарбаев үй-бүлөдө камкор ата. Элмира айым жолдошуна турмуш чыкканына такыр өкүнбөйт. Экөө кыздарынын келечегине, алардын коомго татыктуу кыз болуп чоңойуп, турмуштан өз ордун тапканга жубайы экөө түрткү берип турушат. Улуу кызы эмитен эле болочоктогу кесибин тандап койгон.

“Жолдошум Нурбай менен чогуу жашап, турмушка чыкканыма такыр өкүнбөйм. Ал мага “ата-энем, бир туугандарым, үй-бүлөм бар Кудайга шүгүр”,- деп алдыга умтулуп жашайт. Балдарыма болсо жөлөк пул албайм. Улуусу быйыл 3-класска барат. 4 жаштагы кызым бала бакчада. Кичүүсү 1 жарым жашка чыгып калды. Улуу кызым мектепти жакшы окуйт. Атасын көрүп, абдан аягандыктанбы келечекте догдур болом деп көп айтып калат. Кудай тилегине жеткирсин. Кайсы кесиптин ээси болсо да биз эч каршылыгым көрсөтпөйбүз. Аларга татыктуу тарбия берип, акыл эстүү, билимдүү болушса биздин коомго кошкон чоң салымбыз ошол. Ар бир адамдын келечеги өз колунда эмеспи кыздарыбыз кыргыз элине пайдасы тийсе деп Жараткандан тилей берем”,-дейт Элмира айым.   

Макаламды жыйынтыктап жатып, “Бардык нерсе Кудайдын колунда, адам жакшылыктан эч качан үмүт үзбөй жашашы керек»,-деп жолдошуна дем-күч берип турган Элмира айымдын ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата айткан бул сөздөрү жүрөгүмдү жылытты. Чынында эле азыр коомубузда алты саны аман, баары түгөл болуп турса да үрөйдү учурган көрүнүштөр, ажырашуулар, зордук-зомбулук коомубузда көбөйүп кетти. Мындан улам Нурбай менен Элмира башкаларга өрнөк болчудай.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ