Сугат суунун тартыштыгынын негизги себептеринин бири – суук. Бул тууралуу дарыялардын жогорку агымдары жана дарыялар менен таанышуу үчүн пресс-тур учурунда Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана регионалдык өнүгүү министрлигинин (MAWRR) алдындагы Мамлекеттик суу чарба агенттигинин директору Алмаз Сокеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызгидромеддин божомолу боюнча суунун агып келүүсү 79%ды түзүш керек эле, бирок учурда суунун агып келүүсү 60%ды гана түзүүдө.

“Мындай көрсөткүч республиканын аймагындагы суук аба ырайына байланыштуу, ошентип өткөн жылга салыштырмалуу суунун агып келүүсү 20%га аз”,-деди ал.

Мындан тышкары, ведомство башчысы мөңгүлөр июнь айынан баштап ээрий баштайт, бирок суук аба ырайына байланыштуу процесс жайлап жатканын белгиледи.

“Ошентип, сугат суунун тартыштыгынын негизги себептеринин бири суук аба ырайы болууда. Бул бизден көз каранды эмес, жаратыш фактору болуп саналат. Ага эч кандай таасир эте албайбыз. Азыркы учурда биз жакын арада дарыялар толот деп күтүп жатабыз”,-деди Суу чарба агенттигинин башчысы.

Сокеев суунун тартыштыгынын төмөндөгүдөй дагы себептери бар экенин кошумчалады:

-Эскирген ирригация;

-Сууну көп талап кылган өсүмдүктөрдү өстүрүү;

-Уруксатсыз суу алуу.

“Бүгүнкү күнгө карата сугат суунун тартыштыгы маселесин чечүү үчүн агенттик суу эсеп тутумун орнотууну пландап жатат. Бул багытта иштер жүруп жатат”,-деди ал.