Учурда «Кумтөр» иши боюнча кармалып, жасалма диплому аныкталганы айтылган, депутат Төрөбай Зулпукаров тууралуу социалдык тармактарда түрдүү пикирлер депутаттын да УКМКнын да дарегине айтылууда. Айрымдар, мамлекеттик кызматта турган жеткечилердин, кызматкерлердин дипломун текшерүү керек дешсе, айрымдар, УКМК камакта калтыруу үчүн Зулпукаровко эптеп шылтоо издеп жатат деген ойду жазышууда.

Фейсбук колдонуучусу Таалайгуль Токтакунова Зулпукаровдун диплому тууралуу өз ою менен бөлүшүп, пикирин жазды.

«Төрөбай Зулпукаров мырзанын дипломунун бардыгы же жоктугу жөнүндө. Албетте, бул элдин көңүлүн абсурддук шек саноодон алаксытуу. Аны эмне үчүн УКМКнын СИЗОсуна отургузгандыгын, эмнеге шектелип жаткандыгын бирөө-жарым түшүнгөнбү, «Кумтөр ишинде» деген өтө катуу сөздөр гана болгон, негизгиси карапайым калкка жагат.

Бирок, күмөн такыр башкача, ал түгүл Кумтөр боюнча канадалык тарап менен түзүлгөн келишимдерге жакындабайт. Ошондуктан жеке адамдар элдин көңүлүн башка жакка буруп, жасалма делген дипломго багыттоону көздөп жатышат.

Биринчиден, Т.Зулпукаров мырза өзү бул иш боюнча суракка алынган жок, экинчиден, ал жасалма документ жасады деп шектелип жаткан жок, анткени жүйөлүү шектенүүлөр жок жана ЖККРнын макулдугу талап кылынат.

Депутаттын жубайы тергөөчүнүн талабы боюнча аларга дипломдун түп нускасын өзү алып келип бергени, бирок кийинчерээк ал Интернетте  тараганы өзгөчө күлкүлүү.

Ушундан улам биздин коопсуздук кызматкерлери кылмыш ишин козгоп же депутатты тергөө абагында кармоо үчүн кандайдыр бир себептерди  табуубу,  эмне кылып жатышат деген суроо туулат? Же шайлоочулардын алдында дискредитациялообу…..?»-деген суроо салган.