Кыргызстанда өткөн суткада 3 миң 850 адам коронавируска каршы вакцина алды. Анын 3 миң 298ине экинчи доза сайылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө боюнча коронавируска каршы вакцинаны жалпы 90 миң 612 адам алды, анын ичинен 59 миң 893ына экинчи доза сайылды.

Аймактар боюнча алганда: Бишкек шаарында – 21 миң 671, Ош шаарында – 7 миң 732, Чүй облусунда – 15 миң 652, Ош облусунда – 12 миң 095, Ысык-Көл облусунда – 8 миң 337, Талас облусунда – 4 миң 502, Нарын облусунда – 4 миң 620, Жалал-Абад облусунда – 11 миң 876, Баткен облусунда – 4 миң 127 адам эмделген.

Эскерте кетсек, 29-мартта Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы «Синофарм» вакцинасынын 150 миң дозасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган.

Ал эми 22-апрелде Орусиядан «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы, 10-майда дагы 20 миң дозасы алынып келген.