Кытайлык Ю Цзянься өзүнүн кирпигинин узундугу боюнча өзүнүн рекордун экинчи ирет жаңылады — 20,5 см, биринчи жолу 2016-жылы 28-июнда Гиннесстин рекорддор китебине кирген. Ошол учурда анын үстүңкү кирпигинин узундугу 12,4 см болгон.

«Менин кирпиктерим 2015-жылы тынымсыз өсүп турарын түшүндүм. Алар бара-бара узунураак болуп өсүп башташты. Эмне үчүн кирпиктерим башкаларга караганда узунураак экендигин билүү үчүн дарыгерлерге бардым. Алар түшүндүрө албай, таң калышты », — деди Цзянься.

Ал кошумчалагандай, эч качан тушь же көз боёгучтарын колдонбойт — узун кирпиктердин жардамы менен көздөр макияжсыз деле көрктүү көрүнөт.