Коронавирустан улам Бишкектеги кафе-ресторан, кинотеатр, балдар аянттары баштаган эл көп топтолуучу жайлар жарым-жартылай гана иштейт. Вице-мэр Виктория Мозгачева мындай чечим кечээ, 15-июнда мэриянын жыйынында кабыл алынганын билдирди.

«Бишкекте жапырт чогулууга былтыр коюлган чектөөлөр алынган эмес. Алар азыр да күчүндө. Ага байланыштуу байма-байма рейд жүрүүдө. Эрежелердин аткарылышын көзөмөлдөп туруучу мобилдик топтордун саны көбөйтүлгөн», — деп белгиледи ал.

Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну жүрүп жатканын кечээ, 15-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирген.

Бишкек жана Ош шаарлары «кызыл зонага» киргизилген.

Ушул күндөрү оору жуккандардын арасында кеминде 100 бейтаптын акыбалы өтө оор деп бааланууда.

Акыркы эки жумада эле вирустан 100гө чукул киши каза болду.