Кыргызстанда 16-июнга карата коронавирус дагы 647 адамдан аныкталып, 7 бйтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтында  жарыяланды.

Маалыматка ылайык,  Бишкек шаарында – 257,

Ош шаарында – 118,

Чүй облусу – 73,

Ош облусу – 120,

Талас облусу – 6,

Нарын облусу – 9,

Ысык-Көл облусу – 15,

Жалал-Абад облусу – 26,

Баткен облусу – 23 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 308 адам илдеттен сакайп чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен

Бишкек шаарында – 2,

Ош шаары – 1,

Чүй облусунда – 1,

Ош облусунда – 1,

Жалал-Абад облусунда – 2, бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 145 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 320 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1 миң 443 бейтаптын абалы орто оордукта, 587 адамдын абалы оор жана 97 бейтап өтө оор абалда жатат.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 969 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 699 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 111 миң 990 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 103 миң 565 киши айыгып чыкса, 1 миң 912 адам каза болду.