2021-жылы 30-апрелге карата Кыргызстандын мамлекеттик карыздын көлөмү (тышкы+ички) 4 млрд 933,6 млн АКШ долларын (418 млрд 322,79 млн сом) түздү. Бул тууралуу  Экономика жана финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен:

  • 84,8%ы мамлекеттик тышкы карыз: 4 182,95 млн доллар (354 713,66 млн сом);
  • 15,2%ы мамлекеттик ички карыз: 750,11 млн доллар (63 609,14 млн сом).

2021-жылы январь-май айларында Кыргызстандын республикалык бюджетинен мамлекеттик карызды (тышкы+ички) тейлөөгө 13 млрд 178,1 млн сом бөлүнгөн.

Анын ичинен:

  • Мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө – 8 340,7 млн сом;
  • Мамлекеттик ички карызды төлөөгө – 4 837,4 млн сом жумшалган.