Кыргызстандын бардык аймагында Орхан Инандыны издөө боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары уланып жатат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун тапшырмасы  боюнча республикасынын бардык аймагында дайынсыз жоголгон Орхан Инандынын кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча издөө жана иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат. Издөө иштерине ички иштер органдарынын 1000ден ашык  кызматкери  тартылган.

Андан сырткары, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүрүп жатат.

Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча  сотко чейинки  өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштер уланууда.   Тергөөнүн кызыкчылыгына ылайык,    Орхан Инандыны издөө боюнча  ыкчам-тергөө иштери  азырынча ачыкталбайт.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы