“Кадамжай районунда “Ак – Суу” дарыясы агып өткөндүгүнө карабай, суу башы аталган райондогулардын сууга зарлап отурганы ХХI кылымдагы жапайы жагдайдын арга түгөткөн көрүнүшү”, – деген пикирин ЖК депутаты Бурун Аманова “Парламент” радиосунун түз эфиринде маек берип жатып билдирди.

Ошол эле Кадамжай районунун Марказ айыл өкмөтүндө сугат суусунун тартыштыгын белгилеп, аткаруу бийлигине кайрылгандыгын айткан эл өкүлү, – “Бул багытта бир гана өкмөттүн жообун эле күтүп отурбай, донор уюмдарга да кат жолдоп көрдүм”, – дейт эл өкүлү.

АРИС программасынын чегинде аткарылган иштерде илең – салаңдык байкалганы калк арасында айтыла калып жүрөт. Ошондуктан, ар бир иштин жыйынтыгын сурап, кепилденген жыйынтыкка жетише турган болсок, бүткөрүлгөн жумуштардын сапатына доо кетпес эле, – деп кошумчалады Аманова.