Бүгүн, 17-июнда эртең менен Бишкек шаарында ысык суу берилип баштады. «Бишкек жылуулук тармактары» ААКтын маалыматы боюнча, ысык сууну толук жеткирүү иштери болжол менен 3-4 күнгө созулат.

Борбордо жыл сайын жайында Бишкек ЖЭБдеги профилактикалык жана оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу бир ай ысык суу берилбейт. Бул жылы ысык суу 17-майда токтотулган.