Өлкөбүздө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көп учурда жумушсуз калып, ар кимиси өзүнүн жөндөмүнө жараша оокатын өткөрүп келишет. Алардын арасында Талас шаарынын тургуну, 2-топтогу майып Азиз Батыркулов дагы бар. Ал 6 жашында аттан кулап түшүп, бир колу менен буту жакшы иштебей калып, алты ирет оор операцияны башынан кечирген. Учурда колу, буту гана алсыз болгону болбосо соо адамдардай жашоо үчүн күрөшүп, кесиби “мугалим” болгондуктан журналистика тармагында эмгектенет. Азиз майыптыгы бар адамдардын коомдогу орду, алардын көйгөйлөрүн айтып, аларды иш менен камсыз кылууда атайын долбоордун үстүнөн иштеп жатканын билдирди.    

“Маңдайга жазылган сыноону сабырдуулук менен жеңдим”

Азиз Батыркулов 32 жашта. Талас облусунун Талас районунун Калба айылынын тургуну. Кырсык каш кабактын ортосунда дегендей 6 жашында аттан жыгылып, баш сөөгү сынып, мээси талкаланган. Алган жараатынан бир колу менен буту жакшы иштебей бир нече ирет дарыланып чыккан. Азыр алты саны аман. “Бир жак бутум менен колум гана кээде ооруп калганы болбосо ушуга дагы Кудайга шүгүр, калганы баары жайында”,- дейт каарманыбыз.

“Кырсыктап калып башыман оор эле күндөр өттү. Баса албай төшөктө бир канча ай жатып да калдым. Кудай ден соолугумду кайрып берди. Маңдайыма жазылган сыноо экен баарын сабырдуулук менен жеңип келе жатам. Кесибим “мугалим”. Талас мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктагам. Жогорку билимим менен өзүм туулуп өскөн айылдагы мектепте бир жылдай кыргыз тили жана адабияты предметинен окуучуларга сабак берип, кийинчерээк Талас шаарындагы “Жаңы багыт” редакциясында иштей баштадым. Учурда гезиттин редактордун орун басары кызматын аркалайм. Мындан тышкары кошумча “Талас ТВ” телеканалында иштейм. Жаш акындар коомдук бирикмесинин мүчөсүмүн. Мында поэзия кечесин уюштуруп, жаш акындарга дем күч берип, чыгармачылык шыгын ойготууда түрткү берип турабыз. Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын, келинчегим бар. Ал базарда тигүүчүлүк менен алектенет”,-деди Батыркулов.

“Майыптардын укугу корголбой жатат”

Азиз журналистика тармагында иштегендиктен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар көп кайрылышат. Алсак, жумушка орношуудагы тоскоолдуктар, мүлк бөлүштүрүүдө соттордун адилетсиздиги, мамлекеттик органдардын мындай адамдарга жасаган кайдыгер мамилеси айтор айта берсе маселе көп. “Алардын укуктары көп учурда корголбой жатат”- дейт ал.

“Мен жашаган Талас шаарын эле алалы майыптыгы бар адамдар жашоосуна ыраазы болуп, өз арабасын өз тарткандар көп эле. Алар менен сүйлөшө келсең эле ден соолугунун айынан жумушка орношо албай, же тиешелүү көмөк ала алышпай ар кандай кыйынчылыктарга туш болоорун айтып калышат. Журналисттик кесип эл менен бийлкитин ортосун байланыштырган көпүрө эмеспи. Жакында эле эки көзү көрбөй калган аял күйөөсү менен ажырашып кетиптир. Ал кишинин мүлкүн бөлүштүрүүдө тийиштүү органдардан натыйжалуу жардам ала албай жатканын айтып, нааразы болду. Сотко барса ар кайсы шылтоону айтып, жазган арызын карабай жатыптыр. Мен деле башымдан айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектепке барсам, “колуң жакшы иштебейт экен, майып экенсиң” деп басынткан учур болгон. Дагы бир тааныш досторумдун бири мамлекеттик мекемеге жумушка орношоюн деп барса кабыл албай, министрге чейин арыз жазып андан соң ишке орношту. Мындай маселелер Таласта эле эмес өлкөнүн башка аймагында көп”,-деди ал.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шарт жок

Жогоруда Азиз айткан маселе мыйзамдуу жагы. Ошол эле учурда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар моралдык колдоого муктаж. Дем-күч берүү үчүн психологун жардамы да керек. Алардын коомдон ордун таап кетүүдө натыйжалуу иштер жасалышы зарыл.

“Биздей адамдарды 3-декабрь эл аралык майыптар күнүндө гана мамлекеттик органдар эстеп азык-түлүк гана берилгени болбосо көп учурда экинчи сорттогу эле адамдардай болуп калабыз. Жогорку деңгээлде жер-жерлерде атайын семинар уюштурулуп, алардын арыз-муңун угуп, сунуштарын эске алып, жашоолоруна багыт берүү үчүн мотивация, моралдык жактан колдоого деген бизде жок. Шаарларда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн пандустар коюлган эмес. Алар үчүн машыгуу жайларын дагы издеп таба албайсың. Жумушка барып иштейли десе “майып экенсиң” деп кабыл алышпайт. Былтыр “ар бир мекемеде бирден мүмкүнчүлүгү чектелген адам иштеши керек” деген мыйзам кабыл алынган эле. Учурда ал канчалык деңгээлде иштеп жатат анализдеп, карап көрүш керек”,-деди Батыркулов.

Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жазылган долбоор маселени чечеби?

Азиз учурда майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыз кылуу үчүн атайын долбоордун үстүнөн иштеп жаткан маалы. Эгер долбоор ишке ашып кетсе үйдө отуруп калгандар тигүүчүлүк менен алектенип, телефон оңдоп элге кызмат көрсөтүп туруктуу иш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн бакканга салым кошуп калат эле дейт ал.  

“Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоодогу ордун таап берүү, жашоого болгон кызыгуусун өзгөртүү боюнча иштерди жүзөгө ашырууда баары келип каражатка барып такалат. Ага карабастан учурда өзүмө атайын команда топтоп жатам. Эркектер өзүнчө, аялдарды өзүнчө топко бөлүп, тигүүчүлүк, ашпозчулук, компьютердик, сотка оңдоо боюнча жумуш орун түзсөкпү деп турабыз. Талас шаарында фонддорго кайрылып көрдүм. Алар долбоорду ишке ашырганга каражат жагынан жардам бермей болушту. Ал эми Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги болсо техникалык жагын колго алып беребиз деп убада берип жатат. Андан тышкары Талас шаарына мындай адамдарга спорт зал, эс алуу жайы курсакпы деген пландар бар. Анткени көпчүлүк спорт залда биздей адамдарга шарт түзүлгөн эмес. Мындан улам өзүбүздүн көйгөйдү өзүбүз чечүүнүн жолун караштырып жатабыз”,-деди Азиз Батыркулов.

КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ