Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Башкы катчысынын жардамчысы, БУУнун өнүктүрүү программасынын (ӨП) администраторунун орун басары, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча региондук директору Мирьяна Сполярич Эггерди кабыл алды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ар кыл багыттардын кеңири чөйрөсүндө биргелешип кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы БУУ тутумунун Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеп, Уюмдун агенттиктерине туруктуу өнүктүрүү жаатында өлкөдөгү ишмердиги жана Баткен облусуна көрсөткөн гуманитардык жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент аймакты өнүктүрүү боюнча иштелип чыккан программанын алкагында Баткен облусуна өзгөчө макам берилерин баса белгиледи. Мындан улам узак мөөнөттүү келечекте чек ара райондорун өнүктүрүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу зарыл экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров чек ара аймактарынын тургундарынын жашоо-шартын жакшыртуу маанилүү экенин белгилөө менен чек ара аймактарын өнүктүрүү боюнча атайын, максаттуу долбоорлорду биргеликте ишке киргизүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчысы ошондой эле дүйнөдө климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу көйгөйлөр барган сайын актуалдуу болуп бараткандыгына токтолду. Жакында Кыргызстан ЮНЕСКОнун алкагында мөңгүлөрдү сактоо жаатында демилгелерди көтөрө тургандыгына көңүл бурду.

Президент Садыр Жапаров эл аралык өнөктөштөрдүн жардамы менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн абалын көзөмөлдөө жана алардын өзгөрүшүнө жетиштүү жооп кайтаруу боюнча өлкөнүн мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүнү көздөп жатканын билдирип, БУУну бул багытта бирге иш алпарууга чакырды.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы Мирьяна Сполярич Эггер БУУнун түзүмдөрү өлкөнүн чек ара райондорунун жашоочуларына кошумча колдоо көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн иликтеп жаткандыгын баса белгиледи.

Ал аялдардын жана жаштардын укуктарын коргоо боюнча иштерди канааттануу менен белгилеп, алардын коом турмушундагы активдүү ролуна токтолду. Мирьяна Сполярич Эггердин айтымында, Кыргызстан региондогу өлкөлөрдүн арасында бул багытта алдыңкы орунду ээлейт.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы учурда Өнүктүрүү программасы иштелип жаткандыгын, анын алкагында Кыргызстанга жардам көрсөтүү каралып жатканын маалымдады.

Мирьяна Сполярич Эггер бул программа 2021-2026-жылдарга карата Кыргызстанды өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын приоритеттерине жооп берет деген үмүтүн билдирди.

Ошондой эле ал айлана-чөйрөнү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча экологиялык долбоорлорду колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

БУУнун Башкы катчысынын жардамчысы кыргыз тарапты кызыктырган бардык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.