Россиянын Ростов на Дону шаарындагы «Кыргыз ынтымагы» биримдиги, аксакалдар коому, бизнес чөйрөсүндөгү жана жалпы мекендештер  Президент Садыр Жапаровко, Зулушев жана Ташиевке кайрылуу катын жолдошту. Катта, ЖК нын депутаты Төрөбай Зулпукаровдун түшүнүксүз абалда тергөөгө абагына камалышы тынчсыздандырганы жазылат.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

 

КРнын Президенти

          С.Н. Жапаровго

    КРнын Башкы прокурору

          К.Т. Зулушевге

    КРнын УКМКнын төрагасы

          К.К. Ташиевге

    Кайрылуу кат!..

Урматтуу өлкө башчылары, Сиздерге сый, ишеним менен кайрылып жатабыз!

Биз Россиянын Ростов на Дону шаарындагы «Кыргыз ынтымагы» биримдиги, аксакалдар коому, бизнес чөйрөсүндөгү жана жалпы мекендештердин атынан ушул жерде он жылга жакын бирге жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун түшүнүксүз абалда тергөөгө абагына камалышы тынчсыздандырат жана ойлондурат!

Төрөбай Зулпукаровду бөтөн элде жүрүп жаштарга бизнес жасоону үйрөткөн, элге кам көрүүнү  баштаган, мекендештердин ынтымагына он жылдай салым кошкон инсан катары билебиз!

Биз алыста жүрүп саясаттан алыспыз. Ошондой эле ким кимдин командасында экени кызыктырбайт, элге эмгегин көрсөткөндү жактайбыз!

Т. Зулпукаровду кандай камалганын билбейбиз, бирок ак ниет, чынчыл, адилет, эмгекчил адам катары баалайбыз. Эгер күбө катары же себепчи болдубу, чындыгында өз күчү, элдин колдоосу менен депутат болду, элге кызмат кылды.

Эми алыстагы мекендештердин эмгегин, жашоосун, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын эске алып, Төрөбай Зулпукаровдун тергөө ишине адилеттүү карап, чечимди оң жагына чыгарып берүүңүздөрдү суранабыз!

Өз уул-кыздарыңыздардын суранычын эске аласыздар деген терең ишенич менен Сиздерге кайрылып жатабыз!

Ростов на Донудагы «Кыргыз ынтымагы» биримдиги, аксакалдар жамааты, жаштар уюму.