Лейлек районунун аймагында ЖКККБнын кызматкерлери жол эрежелерин сактоо, жол кырсыктарын   алдын алуу жана болтурбоо максатында түшүндүрүү иштерин ар бир аймактарда үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Исфана шаарында жайгашкан автобекеттерде Исфана- Бишкек, Исфана- Ош каттамында каттаган айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Ошондой эле автоунаалардын техникалык абалын да текшеришти. Ал эми  Спринтер жүк ташуучу унаалардын атайын тапчан жасап алган айдоочуларга, тапчандарын алуу жагы эскертилди.

Жыл башынан ушул күнгө чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин негизинде 390 протокол түзүлүп, алардын ичинен ылдамдыкты ашырып айдаган айдоочулар -204,  айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган айдоочулар -34, мас абалында унаа башкарган айдоочулар -27, айнегин караңгылаткандар (тоннировка) -5, убактылуу короого токтотулган унаалар 120.

Ошондой эле түшүндүрүү иштери Сүлүктү ШИИБнин ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан дагы  жүрүп жатат. Жыл башынан бери 15 мас айдоочу кармалган, айнегин караңгылаткандар (тоннировка) -2,   ар кандай мааниде  430 протокол толтурулган.

Акыркы жумада жолдо жүргөн айдоочулар жол боюнда коюлган жол белгилерге маани бербей катуу ылдамдыкта унааларын башкарып, жол кырсыктарын жаратууда. Ошондуктан ЖКККБнын кызматкерлери айдоочуларга күн сайын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы