Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө жалпы канча ак халатчанга кенемте төлөнгөнүн маалымдады. Ага ылайык, бүгүнкү күнгө карата жалпы 1 миң 121 дарыгерге 200 миң сомдон төлөндү. Ал эми каза болгондордун ичинен 33 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон берилди.

Министрликтин маалыматына караганда, коронавирус инфекциясын жуктурган медициналык жана башка саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлерине, ошондой эле эмгек милдеттерин аткарууда коронавирустан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөөнүн тартиби бар.

Бир жолку компенсация 2021-жылдын 11-январына чейин документтерин тапшырган медицина кызматкерлерине төлөндү.

«Бүгүнкү күндө документтери комиссия тарабынан каралган жалпы 1121 медицина кызматкерине 200 миң сомдон, ал эми каза болгон 33 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрү ар бири 1 миллион сомдон алышты. Каралбай калган документтер кызматкерлердин иштеген жайларынын жетекчилерине бир аптанын ичинде карап чыгуу тапшырылды», — деп айтылат билдирүүдө.