Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мамлекет башчысы Торугарт көзөмөл-өткөрүү пунктун көрүп чыгат, инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашыруу пландары менен таанышат жана жергиликтүү эл менен жолугушууларды өткөрөт.